Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Бүгүн “Манастын төрөлүшүн утурлап” тасмасы көрсөтүлөт


Бүгүн Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында белгилүү кино режиссер Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурлап” аттуу даректүү тасмасынын бет ачары болот. Тасма бет ачары саат 16:00дө башталат.

“Санжыра” кинокомпаниясы чыгарган бул толук метраждуу даректүү тасманы тартуу идеясы эки жыл мурун жаралган. Режиссер Нурбек Эген азыркы заман жана адамдар тууралуу ой-жүгүртүүсүн жаш муунга арнаган.

“Анткени азыркы замандагы улуттук аң-сезим маселесин жана андагы өзүнүн ордун так ушул жаштар аныктап алуусу абзел”, - деп эсептейт Н.Эген. Тасмада коомдун ар кандай кесиптеги кызыктуу, көп кырдуу делген замандаштар тартылып, алардын тагдыры чагылдырылган. Режиссер муну менен Кыргызстандын учурдагы абалын көрсөтүүгө умтулган. (IJz)

XS
SM
MD
LG