Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

ЖТР имаратын оңдоого сынак башталды


Жалал-Абад облустук сыналгысынын имаратын оңдоо сынагына 10 курулуш ишканасы катышууда. Башка 5 ишкана сыналгыга зарыл жабдууларды сатып берүү тендеринде мөрөй талашат. Бул тууралуу 30-августта сыналгынын жетекчиси Куттумидин Базаркулов билдирди. Анын маалыматы боюнча телеканалдын имаратын оңдоого Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясынан 17 миллион сом каражат бөлүнгөнү турат. Ал иштин жүрүшүнө жараша үч бөлүнүп берилет. Оңдоо иши сентябрда баштала турган ЖТР имараты июнь айындагы тополоңдо өрттөнүп кеткен. Анын кызматкерлерине карай ок атылганда, алар качып кутулушкан. Имаратка от жаккандар анын жер төлөсүнө өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгүн да таштап коюшкан. Облустук прокуратура адам өлтүргөндөр табылып, алардын иши сотко өткөрүлгөнүн билдирди. Сыналгы өз көрсөтүүлөрүн башка имараттан таркатууда. ЖТР имараты он жылдан ашык убакыттан бери курулуп, 2008-жылы ишке кирген болчу. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG