Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Орусияда тергөөчү милиционер 5 жылга абакка кесилди


Барнул шаардык сотунда жергиликтүү милициянын тергөөчүсү 33 жаштагы Дмитрий Казанцев өз кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык кылган деп күнөөлөндү. Ал бир нече жыл мурун ондогон миллион рублдык көмүскө соода кылмышын ачкан. Кийин тергөөчү конфискацияланган товарлар бир сактоочу жайдан экинчи жерге көчүрүлүп жатат деген жалган документ жасап, аларды өз кызыкчылыгына пайдаланган. Муну менен ал 1 миллион рубл мамлекетке чыгым кылган. Казанцев орус-казак чек арасындагы негизги көзөмөл бекети турган Горняк шаарчасында иштеген.

XS
SM
MD
LG