Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

А.Меркел сөз эркиндиги үчүн В. Януковичке басым жасады


Берлинге иш сапарга келген Украина мамлекет башчысы Виктор Янукович менен сүйлөшүүдө канцлер Меркел батыш менен алакаларды кеңейтүү жана күндөн-күнгө өрчүп бараткан Украинадагы сөз эркиндиги жаатындагы тынчсыздануулар боюнча басым жасады. Канцлер Меркел президент Януковичке батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы сөз эркиндиги боюнча тынчсыздануу пайда кылган бир катар суроолору бар экендигин кошумчалады.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар Украинада өткөн феврал айындагы президенттик шайлоодон кийин цензура менен журналисттерге чабуул күчөгөндүгүн белгилеп келишет. «Чек арасыз кабарчылар» уюму өткөн жумада канцлер Меркелге украин президенти менен жолугууда ушул маселени көтөрүү боюнча атайын кат жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG