Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Бишкекте эгемендикке арналган салтанат өттү


Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында, өкмөт үйүнүн алдында эгемендүүлүктүн он тогузунчу жылдыгына арналган майрамдык салтанат өттү. Ага президент Роза Отунбаева, Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов баштаган ырасмий өкүлдөр, саясий жана коомдук ишмерлер катышышты.

Салтанаттын башында президент Р.Отунбаева жетектеген ырасмий өкүлдөр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында окко учкандарга арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшуп, Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов маркумдарга багыштап куран окуду.

Өз сөзүндө Р.Отунбаева кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктап, 2010-жыл Кыргызстан үчүн кылымга тете жыл болуп каларын, анткени дал ушул жылы жаш өлкөнүн эгемендиги, мамлекеттүүлүгү чоң сыноодон өтүп атканын, Кыргызстанды бөлүп-жарган аракеттер ичтен да, сырттан да жасалып атканын баса белгиледи.

Ал ошондой эле 7-апрель жана июндагы коогалаң тууралуу кеп кылып, бул окуялар маалында жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылганын, Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларга этностор аралык кагылыш боёгун сүрткүсү келгендер бар экенин, бирок бул жерде конкреттүү адамдардын гана күнөөсү барлыгын, алар кайда качса да бир күнү табыларын билдирди.

Президенттин сөзүнөн кийин шаар мэри Иса Өмүркулов майрамдык ырасмий салтанатты жабык деп жарыялап, Ала-Тоо аянтында эгемендикти майрамдоо уланды. Бүгүнкү эгемендик майрамы Бишкекте концерттер, спорттук мелдештер менен уланууда. Эгемендик күнүн өлкөнүн бардык булуң-бурчунда майрамдашууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG