Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Президент I жаштар Олимп оюнунун катышуучулары менен жолугат


Бүгүн президент Роза Отунбаева Сингапурда өткөн I жаштар Олимп оюнунун катышуучулары менен жолугушмакчы. Жолугушуу «Ала-Арча» мамлекеттик рехиденциясында өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Айта кетсек, Сингапурда өткөн жаштар арасындагы Олимп оюндарында Кыргызстандан барган курама команда үч медалга татыктуу болгон. Аталган мелдеште кыргызстандык классикалык күрөштүн чебери Урматбек Акматов Олимп чемпиону болуп, алтын медалга арзыса, ушул күрөштүн дагы бир чебери Шадыбек Сулайманов күмүн медал утуп алды. Дзюдочу Болот Токтогонов да Сингапурдан күмүш медал тагынып кайтты. (IJz)

XS
SM
MD
LG