Белгисиз адамдар Минскидеги элчиликке бүгүн эртең менен эки "Молотов" коктейлин ыргытышкан. Эч ким жапа тарткан жок, элчиликтин алдында турган машинага зыян келгендиги кабарланууда. Орусиянын тышкы иштер министрлиги бул кол салууну тыкыр иликтөөгө чакырган билдирүү таркатты.