Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Эртең Кыргызстандагы мектептерде жаңы окуу жылы башталат


Билим берүү жана илим министрлигинен "Азаттыкка" билдиришинче, июнда кандуу коогалаң орун алган түштүк аймактарда 740дан ашуун бала чатыр мектепте окушат. Ош шаарынын акими Мелисбек Мырзакматов коопсуздук зарылчылыгынан улам, окуу жылын кечирээк баштоону сунуш эткен. 1-сентябрда анын кызматында болору белгисиз, ал азыр чет өлкөдө эс алууда экендиги кабарланууда. Жалпысынан өлкө боюнча 2200гө чукул мектеп 1 миллиондон ашык балага эшигин ачат. Расмий маалымат боюнча, бир миңдей бала ар түрдүү себептер менен окубай калмакчы. Бирок бейрасмий сандар мындан алда канча жогору болушу ыктымал. Өлкө боюнча мектептер 60% гана окуу китеп менен камсыз болгон, 2 миңдей мугалим жетишпейт. Бүгүн президент Роза Отунбаева Бишкектин чет жакасындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жаңы мектептин ачылышына катышты. (JCH)

XS
SM
MD
LG