Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Новопавловка айылында бейжазык адамдар милициянын кысымына кабылды


Сокулук районундагы Новопавловка айылында мектептеги мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы чыккан ата-энелер милиция кызматкерлеринин кысымына кабылды. Укук коргоочу Анара Дауталиеванын “Азаттыкка” билдирген маалыматына караганда, аталган айылдагы №1 мектептеги акча жыйноо фактыларын ачык жыйында талкуулоо жөнүндө демилге көтөргөн эки адамдын үйүнө милиция кызматкери келип, аларга эч кандай жыйын өткөрүү мүмкүн эместигин эскертип, түшүнүк кат жаздырып алыптыр. Укук коргоочу бул жерде милициянын аракетин мыйзамсыз деп сындап, бул факты боюнча ички иштер министри К. Байболовго жана билим берүү жана илим министри К. Садыковго арызданып бара тургандыктарын билдирди. "Азаттык" бул маалыматтын чын-бышыгын тактоо аракетин көрүп жатат. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG