Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:12

Президент Роза Отунбаева билим күнү Нарында болот


Мамлекет башчысы билим күнү кезинде өзү окуган Нарындагы Чкалов атындагы орто мектепте болмокчу. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Отунбаева ошондой эле Нарында "Ага хан" фонду куруп жаткан жогорку окуу жайдын кампустарын да кыдырып көрөт. 1-сентябрда Кыргызстан боюнча 2191 билим берүү мекемеси ишин баштап, анда 1 млн. 37 миңге чукул бала билим алмакчы. Алардын ичинен 90 миң бала мектеп босогосун биринчи жолу аттайт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG