Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Ооган президенти талиптерди ымалага тарткан жаңы комитет түздү


Президент Карзайдын маалымат катчысы ооган мамлекет башчысынын мындай демилгеси талиптер менен ачык баарлашып, согушту аяктоо максатын көздөрүн айтты. Жаңы комитеттин курамы бүгүн коомчулукка жарыяланып анда жихад лидерлери, аксакалдар жана коомчулук өкүлдөрү, аялдар, айрым талиптер менен "Хизб-и-Ислам" уюмунун мүчөлөрү да болору күтүлүп жаткандыгын айтты. Президенттин маалымат катчысы жаңы комитет июнь айында Кабулда өткөн тынчтык кеңешмесинде жактырылгандыгын кошумчалады. Талиптер болсо президент Карзайдын ачык сүйлөшүүгө чакырган сунуштарын такай четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG