Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Президент Р.Отунбаева Нарында жүрөт


Президент Роза Отунбаева иш сапары менен Нарын облусуна барды. Ал эртең менен Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясына келип, окуучуларлды, мугалимдерди бүгүнкү билим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы Нарын шаарындагы эң күчтүү орто мектептердин бири. Учурунда бул мектепте президент Р.Отунбаева, мурдагы президент Аскар Акаев сыяктуу көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлер окуп кетишкен.

Р.Отунбаева ошондой эле Нарын мамлекеттик университетинде студенттер менен жолугушуп, андан соң Нарын академиялык музыкалык драма театрында жергиликтүү жетекчилер менен кездешмекчи. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG