Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Баткенде эки чек арачыны Өзбекстанга алып кирип кетишти


Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн "Азаттыкка" билдиришкенге караганда, 31-августта Кадамжай районунун Пүлгөн шаарчасынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде, эки өлкөнүн бейтарап аймагында Айдаркен чек ара бөлүгүнүн жана Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлүн өзбекстандык кесиптештери кармап, өз аймагына алып кирип кетишкен. Кыргызстандык чек арачылар аталган жерге өзбекстандык кесиптештери менен Сох анклавындагы жолдун жабылышы боюнча сүйлөшүү үчүн алдын-ала макулдашууга ылайык барган. Бирок өзбек тарап аларды күчтөп өз аймагына тартып өтүп, "чек араны мыйзамсыз бузуп өттү" деген шылтоо менен кармап турушканы айтылууда. Кыргыз тарап азыр чек арачыларын бошотуп алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өзбекстан 31-августта Кыргызстандын жана 1-сентябрдагы Өзбекстандын эгемендик күнүнө байланыштуу кыргыз жарандары үчүн Сох анклавынан каттоого үч күнгө тыюу салган. Бул аралыкта кыргыз жарандары айланма жолдор аркылуу каттап турушмакчы. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG