Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу жайгашуучу мөөнөт белгисиз


Уюмдун басма сөз өкүлү Виржини Коллудондун бүгүн “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдиргенине караганда, полициялык кеңешчи топтун Кыргызстанда жайгашуучу мөөнөт кечеңдөөдө жана бул расмий Бишкекке көз каранды болуп турат:

-ЕККУ жайгаштырууга даяр, биздин полиция кеңешчилерибиз даяр жана биз азыр кырдаалды кыргыз бийликтери менен талкуулоодобуз. Биз жайгаштырууга даярбыз жана Бишкектен гана жашыл жарык күтүп жатабыз.

ЕККУ менен полициялык кеңешчи топтун жайгашуусу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын бүгүн “Азаттык” радиосуна өкмөттүн маалымат жана координация борборунун жетекчиси Фарид Ниязов да ырастады. Анын айтымында, полициялык кеңешчи топтун жайгашуусуна жана иштөөсүнө негиз болуучу документ - меморандумга кол коюла элек. Фарид Ниязов белгилегендей, меморандумдун ЕККУ секретариаты тарабынан сунуш кылынган долбоору суроолорун жаратып, кыргыз тарап да, өз өзгөртүүлөрүн сунуш кылган. Учурда ошол маселелер талкууланууда. 56 өлкө мүчө ЕККУнун туруктуу кеңеш Кыргызстанга полициялык кеңешчи топту жиберүү чечимин июль айында кабыл алган болчу. Кыргызстандын өзүндө болсо айрым саясий жана жаштар уюмдары полициялык кеңешчи топтун келишине каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөргөн. Мурда бул топ сентябрь айына карата келери айтылган. (UE, IJZ)

XS
SM
MD
LG