Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Бесланда мектептеги кыргындын алтынчы жылдыгын эскерилүүдө


Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте мындан алты жыл мурда ушул күнү башталган барымта кризиси учурунда 300дөн ашуун киши каза тапкан эле. Согушкерлерди Түндүк Осетиянын коңшусу Чеченстандан чыккан жикчилер баштап келген. Тирешүүнүн үчүнчү күнү Орусиянын коопсуздук күчтөрү мектеп имаратына чабуул койгон болчу. Барымтачылар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы атышуулардан жана муну коштогон жардыруулардан барымтага алынган 1100дөн ашуун адамдын кеминде 330у каза тапкан. Алардын жарымынан көбү балдар болгон. Кризис орус бийликтери тарабынан кандай чечилгени боюнча суроолор азыркыга чейин сакталып келүүдө. Бесландагы бүгүнкү эскерүү жыйынына, орус маалымат каражаттары кабарлагандай, 3000дей адам катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG