Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Тоолуу Карабактагы кагылыштан беш адам каза тапты


Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, Тоолуу Карабактын чек арасындагы атышуудан үч армян, эки азери аскери каза тапты. Азери тарап ошондой эле өз билдирүүсүндө бул окуя үчүн армян тарапты айыптап, армян аскерлери чек арадагы байланыш сызыгын кесип өтүп, азери күчтөрүнө кол салууга аракеттенгендигин белгиледи. Армян тарап болсо мындай айыптоолорго карата азырынча жооп бере элек. Адатта кагылышуулар жөнүндөгү маалыматтар каршылаш тараптан четке кагылат. Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуштун натыйжасында Азербайжандын башкаруусунан чыгып кеткен. Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабак боюнча талашын азырынча чече элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG