Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Жалал-Абадда мектептерде жетпеген мугалимдердин ордуна студенттер иштейт


Облустун мектептерине 400 мугалим жетишпейт. Алардын орду жаш мугалимдер жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчү курстарынын студенттери менен толукталууда. Билим берүүнүн усулдук борбору 1- сентябрда облустагы 469 мектепте окуулардын башталышына кооптоноор жагдай жок экенин билдирди. Борбордун алдын ала маалыматы боюнча аларга бүгүн областтагы мектептерге 215 миң окуучу келди, келбеген окуучулардын саны 700 болду. Июнь айында баш аламандык болгон Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон аймактарындагы мектептерде коопсуздук кызматтары ишке киришти. Облустагы 352 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 64 мектепте аралаш, 43 мектепте - өзбек, 12 мектепте орус тилинде жүргүзүлөт. Аларда 14333 мугалим иштейт. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG