Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Кыргызстандын эки чек арачысы Ферганада кармалууда


Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шейшемби күнү түштөн кийин Кадамжайда жүргөн жеринен Кыргызстандын чек ара аскерлеринин штаб башчысы Саид Эратов билдирди. Анын айтымында чек арачыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок маселе жогорураак деңгээлдеги жолугушуу аркылуу гана чечилчидей:

-Өзбек тараптын бизге берген маалыматына караганда алар (чек арачылар) Фергана облусунун убактылуу тергөө абагынын жалпы камерасында жатышат. Бүгүн – эртең эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин командачылары жолугушса, бул маселе чечилет деген ойдобуз.

Саид Эратов кошумчалагандай, Кыргызстандын полковник жана подполковник чининдеги эки чек арачысын Өзбекстандын чек ара аскерлеринин атайын бөлүгү кечээ Кадамжайда чек арадагы өткөөл бекеттердин ортосунан өзбек тарап менен жумушчу жолугушууга келген учурда күч менен алып кеткен жана мунун себептери белгисиз. Ал окуя учурунда ок атылган эмес, бирок кыргызстандык офицерлердин бири жаракат алган. Мунун алдында орус маалымат каражаттары Өзбекстандын чек ара мекемесине шилтеме жасап, кыргызстандык кылмыштуу топ бир нече өзбек жаранын 30-августа барымтага алып, кайра бошотконун, бирок алардын арасындагы сержант чек арачы барымтада калганын маалымдаган эле. Саид Эратовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, барымтада делген өзбек чек арачысынын аты-жөнү, кайсыл аскер бөлүгүндө кызмат кылары оперативдүү иликтөөлөрдүн натыйжасында такталды. Бирок ал Кыргызстан аймагында эмес, аны чек арадан жүгүн өткөрүп берүүнү убада кылган өзбек жарандары кармап кеткен. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG