Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Пакистандагы жардыруулардан 14 адам каза тапты


Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, үч жанкечти өзүлөрүн Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында шийиттердин диний жүрүшү учурунда жардырган. Андан 14 киши каза тапкандан тышкары 100дөй адам да жаракат алды. Полициянын ишениминде жардырууну сунни экстремисттери өлкөдө азчылыкты түзгөн шийиттерге каршы жасагандай. Жардыруу үч башка жерде болгон. Лахордун 35 миңдей шийит тургуну бүгүн жыл сайын болуучу диний жөрөлгөнү аткаруу менен Мухаммед пайгамбардын небереси имам Алини эскерип, көчөгө чыгышкан эле. Пакистан премьер- министри Юсуф Реза Гилани жардырууну айыптап, кол салууну уюштургандар жазадан кача албасын белгиледи.

XS
SM
MD
LG