Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Улуттук банктын мурунку башчысына каршы кылмыш иши козголду


Өлкөнүн башкы банкынын мурунку жетекчиси Марат Алапаевге каршы кылмыш иши “Азиауниверсалбанктан” баалуу кагаздарды сатып алуу деген шылтоо менен 3 млрд. сом чыгарылып кетишине байланыштуу козголгон. Ошону менен катар Алапаевге издөө салынганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Улуттук банктын мурунку башчысы менен катар бул ишке байланыштуу АУБдун башчысы Михаил Надель, анын орун басары Р. Акжолов жана башка адамдарга кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту аларды камакка алуу чечимин чыгарган. (AiT)

XS
SM
MD
LG