Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 14:01

Дүйнөлүк банк Пакистанга берчү көмөктү 1 млрд. долларга жеткирди


Буга чейин айтылган акча каражаттын көлөмүнө дагы 100 миллион доллар кошулуп, жалпысынан көмөк 1 миллиард АКШ долларын түзөөрүн Дүйнөлүк банк бүгүн жарыялады. Бул каражат чукул зарыл болгон керектөөлөргө жана узак мөөнөттүк калыбына келтирүү иштерине жумшалат. Пакистандын каржы министри Хафиз Шейх колдоо алды менен тамак-аш, таза суу, санитардык, медициналык жабдыктар, дары-дармек менен жабдууга керектигин Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик менен жолугушууда айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG