Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Кытайда кыргыз мушкери алтын байгеге татыды


Боксту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Мамыт Акеровдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кытайда өтүп жаткан чыгыш өнөрлөрү жана спорттун жеке түрлөрү боюнча Дүйнөлүк биринчи оюндарда 64 кг. салмактагы боксчу Эрмек Сакеров алтын медаль, 60 кг. салмактагы Асылбек Таласбаев күмүш, 69 кг. салмактагы боксчу Максат Алибаев коло медалга ээ болушту. Кыргызстандан Кытайга 6 боксчу барган.

Бокс боюнча таймаш эртең жыйынтыкталат. Спорттун 13 түрү боюнча болуп жаткан оюндар 28-августта башталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG