Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Израил жана Палестин лидерлери тынчтык келишимине 1 жылда кол коюлат деген үмүттө


Израил жана Палестинанын лидерлери Вашингтондо өтүп жаткан сүйлөшүүдө тынчтык келишимине жетишүүгө ынтызарлыгын билдиришти. Сүйлөшүү АКШнын колдоосу менен жүрүүдө. Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху шаршемби күнү АКШ президенти Барак Обама менен кездешкенден кийин Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббаска кайрылып, “тынчтык сүйлөшүүсүндөгү өнөктөшүм” деп атады. Ошондой эле “Тынчтык болбосо, ким да болсо уткузат. Мен бул жерге баарыбызга ныпа алып келчү тынчтыкка жетишүү үчүн келдим. Мен шылтоо издеп келгеним жок. Мен маселени чечкени келдим”,- деп кошумчалады Нетаняху. Өз кезегинде Махмуд Аббас тынчтык келишими бир жыл ичинде түзүлөт деген тилегин айтып, Палестин мамлекетин түптөө үчүн Израилди Батыш Иорданда жөөт конуштарын курууну токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG