Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Базар-Коргондо акыркы окуялардан жабыркагандарга карыз акча (ссуда) берилет


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун акими Каныбек Тилекеевдин билдиришинче, июнь айында жабыркагандарга жардам карыз акча берүү үчүн 1 млн. 650 миң сом которулду. Бул пайызсыз каражаттар ар бир кожолуктарга 200 миң сомдон берилет. Карыз акча алгандар аны 20 жыл ичинде кайтарып бере алышат. Ссуда алууну каалабаган тургундарга 50 миң сомдон бир жолку кайтарымсыз жардам көрсөтүлөт.

Учурда ссуда жана бир жолку жардам акчаны алуу үчүн жабыркагандардын документтерин тактап, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG