Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

ЕККУ полициялык кеңешчи топ боюнча меморандумду талкуулоого даяр


Бул туурасында ЕККУнун конфликттерди жөнгөрүү боюнча борборунун жетекчиси Херберт Зальбер кечээ жасаган билдирүүсүндө айтты. Ал ЕККУнун полициялык кеңешчи тобуна байланыштуу меморандумду мындан ары талкуулоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүн канааттандырууга жана полициячыл кенешчи топту дароо жайгаштырууга даяр экенин билдирди. “Биз сунушталган шарттар жана жайгашуу маселеси боюнча өкмөттүн жообун күтүп жатканбыз. Биз талкууларды улантууга даярбыз” деген Херберт Зальбер. Ал кийинки аптада бул максатта өкмөт мүчөлөрү менен жолугарын кошумчалаган.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат жана координация борборунун жетекчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” ЕККУнун полициялык кенешчи тобуна байланыштуу меморандумдун жаңы долбоорун Тышкы иштер министрлиги даярдап, президенттин кароосуна жакын арада берерин билдирген. Анда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сактоо аракети жасалган. (AzK)

XS
SM
MD
LG