Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Нарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаштар министри менен жолукпай койду


Жаштар министрлиги жумушсуздук, сапаттуу билим, улуттук идеология, жетим жана кедей жаштарга жардам берүү сыяктуу төрт багытта иш алып барууну көздөп жаткандыгын жаштар министри Алиясбек Алымкулов Нарын шаарында жаштардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, ар бир облустан бирден айыл округду пилоттук түрдө көзөмөлгө алып, келечекте министрликтин өкүлчүлүгүн ар бир дубанда ачуу планы бар.

Нарындык жаштар пенсия курагындагылардын жумуш ордун бошотуп беришин мыйзамдаштырууну Жогорку Кеңешке сунуш кылуу жөнүндө пикирлерин айтышты.

Нарын облусунун ар тарабынан келген жаштардын айрымдары жергиликтүү бийликтин жаштар министри менен жолугушууга келбей койгондугун белгилешип, муну жаштарга жасаган мамиле катары баалашты. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG