Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

ЕККУ полициясы Кыргызстандагы миссиясын шайлоодон соң баштайт


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун кеңешчи полиция тобу Кыргызстанда 10-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өз миссиясын баштоого тийиш. Бул жөнүндө Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Лидия Иманалиева билдирди. Эл аралык полиция тобу Кыргызстандын түштүгүнө алгачкы план боюнча августта келүүгө тийиш болчу. Июнда өлкө түштүгүндө болгон коогалаңда ырасмий маалымат боюнча 400 чукул адам өлгөн. Миңдеген адамдар там-жайын таштап качкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG