Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Шайлоого карата үгүт иштери 10-сентябрдан тарта башталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жеңиш Акматов кабарлады. Анын айтымында, ушул тапта БШКдан эки партия расмий каттоодон өттү. Калган партиялардын тизмелерин текшерүү 9-сентябрга чейин улантылат. 10-сентябрдан тарта шайлоонун үгүт иштери башталат. Мыйзамга ылайык, шайлоого 24 саат калганда бардык үгүт иштери токтотулат.

2-сентябрда БШК төрагасы Акылбек Сариев маалымат жыйынын өткөрүп, учурда айрым саясий партиялар жашыруун мүнөздөгү үгүт иштерин жүргүзүп жатканын, буга карата тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын айткан.

Шайлоо өнөктүгүнө катышуу тууралуу арыздарын БШКга жалпысынан 29 партия тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG