Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Н.Токтакунов: Адвокат баштаган ишин аягына чыгарыш керек


Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

Өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соту 6-сентябрда улантылмай болду. Сот жараяны жана укук коргоочулардын учурдагы ролу туурасында адвокат Нурбек Токтакунов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Сот эмнеге жылып кетти?

- Бул сот бир күн менен бүтпөйт. Биринчи сот жараяны кечээ өттү, экинчиси 6-сентябрда уланат. Аябай көп күбө, жабырлануучулар бар. Ошолордун бардыгын угуш керек.

- Сиз өзүңүз сотко катыша албай калган экенсиз, эмне себептен?

- Мен мурда Жалал-Абад облустук сотко бул сот жараянын башка жерге өткөрүү боюнча өтүнүч киргизген болчумун. Мен сот болорун бир күн калганда кечинде гана алдым. Ошондуктан такыр сотко жете албай калдым. Анткени аягына чейин мына жооп беребиз деп жатышкан.

- Жеке коопсуздугуңузга кепилдик болбогондуктан Азимжан Аскаровду жактоону токтотту деген маалымат айтылды эле, сиз адвокаттык ишти улантмай болдуңузбу?

- Жок, мен жактоодон баш тарткан жокмун. Мыйзамда да андай мүмкүнчүлүк жок. Кардар жактоочудан баш тартса болот, адвокат кардардан эч качан баш тарта албайт. Ал эми адвокат ошол ишти баштагандан кийин аны аягына чейин жеткириш керек.

- Ушул кыйын кырдаалда жергиликтүү укук коргоочулардын ролун кандай баалайсыз? Айрыкча түштүк окуясынан кийин алар тууралуу түрдүү кептер айтылууда. Алды өлкөдөн чыгып кетти.

- Менимче укук коргоочунун милдети ушундай. Эгер адам укугу бузулса алар бийликке да каршы чыга алат, керек болсо коомдун ой-пикирине да каршы чыга алат. Азыр укук коргоочуларды бүт баары эле жамандап атат. Кээде мага деле туугандар сен туура эмес ишти кылып атасың го айтып калат. Менимче бул жакта кыргыздар күнөөлүү эмес же өзбектер күнөөлүү деп айткан болбойт. Бул жерде кыргыздардын жана өзбектердин саясий элитасы күнөөлүү. Алардын балдары же буюмдары бир нерсе болдубу. Эч нерсе болгон жок. Жалаң гана карапайым эл жабыркап, ошолорго эле жаман болду.

P.S: А.Аскаров 15-июнда Базар-Коргондогу тополоң учурунда кармалып, ал “массалык башаламандыкты” уюштуруп, “улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козгогон” деп айыпталып, июнда курман болгон милиция кызматкеринин өлүмүнө да тиешеси бар экени айтылган. Буга байланыштуу сот 2-сентябрда болду. Ага карата милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор болуп жатканы белгиленип, Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайынан облустук бөлүмгө которулган. Милиция кызматкерлери жана акыйкатчы Турсунбек Акун А.Аскаровго карата кыйноолор болбогонун белгилеп келишет.
XS
SM
MD
LG