Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Кара-Суу райондук милиция башчысын өлтүрүүнү уюштурду деп шектелген адам кармалды


Шектүү деп кармалган 22 жаштагы адам Алматы шаарынын четинде туугандарынын үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалган. Аны кармоо Алма-Ата шаарынын милиция кызматкерлери менен бирге ишке ашкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Бакыт Сейитов бүгүн кабарлады.

13-июнда Нариман айылына барган Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Адылбек Султанов менен анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаевге кол салышкан. Натыйжада А.Султановдун денеси өрттөлгөн, У.Шамурзаевдин денеси башы жок табылган. Б.Сейитовдун айтымында, бул окуяга катыштыгы бар делип буга чейин беш адам кармалган. Ал эми Алматыдан кармалган адам уюштуруучу катары шектелүүдө. Учурда буга байланыштуу кылмыш иши ачылып, тергелип жатат.

Ошондой эле ИИМ кызматкерлери апрель-июнь окуялары учурунда элдин колуна ар кандай себептер менен өтүп кеткен куралдарды чогултуу иштерин улантууда. Өз ыктыяры менен ок-дары, куралдарды тапшырган учурлар да бар. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG