Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Казак оппозициясы президентке импичмент жарыялайт


Казакстандын оппозициялык партиялары президент Нурсултан Назарбаевге импичмент жарыялаган референдум өткөрүү демилгесин көтөрүүдө.

Бул тууралуу Казакстандын «Алга» жана Коммунисттер партиясы талкуулап жаткандыгын «Азаттыктын» Казак кызматы кабарлады. «Алганын» лидери Владимир Козлов менен коммунисттердин Алматы шаардык комитетинин төрагасы Кадыр Кошкаров эки партия өкүлдөрү 25-сентябрда жолугуп референдум өткөрүүнүн жол-жобосун талкуулашарын айтты. Козловдун айтуусунда, алар мындай чечимге ушул жыл башындагы Нурсултан Назарбаевди «Улут атасы» деп аныктоо үчүн Казакстандын Баш мыйзамына кошумчалар киргизилгенден кийин келишкен. Жаңы Конституцияга ылайык, журт атасы «кол тийгис» макамына ээ, Н.Назарбаевдин аброюна шек келтире турган сөздөр, аракеттер менен президенттин тигил же бул чечимине тоскоолдук кылуу кылмыш катары каралат.

Ошол эле учурда Казакстандагы бир катар партиялар эки партиянын мындай аракетин орунсуз, учурдагы саясий чындыкка коошпогон демилге катары баалашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG