Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:35

АКШ Израил менен Палестин тынчтык макулдашууга жетерине ишенет


Эки жылдык тыныгуудан кийин израил-палестин лидерлери Бенжамин Нетаняху менен Махмуд Аббас алгачкы бетме-бет сүйлөшүү үстөлүнө отурушту. Эки тараптын лидерлери кийинки сүйлөшүүлөрдү сентябрдын ортосунда улантууга макулдашышты. АКШнын атайын чабарманы Жорж Митчелл «эки өлкө лидерлери өз аймагында 14-15-сентябрда кайрадан сүйлөшүүгө отуруп, андан кийин ар бир эки жумада жолугушуп турууга макул болушту» деп билдирди.

Мамкатчы Х.Клинтон эки лидерге кайрылып «Мырза премьер-министр, Мырза президент, силерде бул жаңжалды, ондогон жылдар уланган элиңердин ортосундагы жикчилдикти бардыгыбыз үчүн биротоло басуу мүмкүнчүлүгү бар», деди.

Ал эми Палестина тараптын маалымат катчысы Наби Шаат Махмуд Аббас Израилдин жетекчиси Нетаняхуга жөөттөр арабдар ээлик кылган аймакта отурукташууну токтотпосо сүйлөшүүлөрдөн эч майнап чыкпасын айткандыгын кабарлады. Изриал жаңы жерлерге отурукташууну убактылуу 10 айга токтоткон, ал мөөнөт 26-сентябрда аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG