Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчиси дайындалды


Президенттин жарлыгына ылайык, Биймырза Токторалиев айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды.

7-апрель окуяларынын кийин Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине Топчубек Тургуналиев дайындалган. Анын токой чарбасындагы бир катар кызматкерлерди кызматтан алганына нааразы болушкан 200дөн ашуун кызматкер Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын уюштуруп, 23-июлда Т.Тургуналиев кызматтан алынган.
Анын ордуна Мирслав Аманкулов агенттикке жетекчи болуп дайындалгандан кийин, Т.Тургуналиевдин тарапкерлери Жогорку Кеңештин жанында митинг өткөрүшүп, М.Аманкуловду кызматтан алуу талабын коюшкан.

Мирслав Аманкулов да иштен алынып, бул кызматты ушул күнгө чейин агенттиктин статс-катчысы Абдымитал Чынкожоев убактылуу жетектеп келген. (AzK)

XS
SM
MD
LG