Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Хожентте тажик милициясы бомба чабуулуна кабылды


Тажикстандын Хожент шаарындагы Согду облустук милициясынын кеңсесине бомба чабуул жасалды. Хожент өлкөдөгү экинчи чоң шаар. Хоженттеги бомба жардыруусу жөнүндө Ички иштер министрлигинин өкүлү Мухаммаджан Назриев: "Жанкечти машинени чоң ылдамдыкта айдап келип, Согду региондук ички иштер башкармалыгынын уюмдашкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү турган жайдын дарбазасын сүзгөндө машине жарылып кетти. Анын алдында милицияныны эки машинеси кирип, дарбаза жабык болгон" деп билдирди.

Машинеде эки жанкечти болгону, жардыруудан алардан башка да эки милицонер өлүп, 25 чакты киши жарадар болгону ырасмий кабарланды. Бир күн мурда президент Имомали Рахмон Улуттук коопсуздук кызматынын Дүйшөмбүдөгү абак жайынан өткөн айда узак мөөнөткө кесилген 25 ислам согушчаны качып кеткенге байланыштуу мамлекеттик мекеменин көпчүлүк жетекчилерин алмаштырган. Качкындар түрмөнүн беш күзөтчүсүн өлтүрүп кетишкен. Бүгүнгө карай алардын бирөө гана кармалды.

XS
SM
MD
LG