Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

БШК партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмесин жарыялады


Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси БШКнын интернет сайтында жайгаштырылган. Анда 28 партиянын талапкерлеринин тизмеси берилген. БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда “Жашасын Кыргызстан” партиясынын берген тизмесин БШК карап жатат. Ал бир аз убакыттан соң жарыяланат. Тизмеде талапкерлердин туулган жылы, иштеген жери, кайсы партияда экендиги, жашаган дареги көрсөтүлгөн. БШК кечээ “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партияларынын талапкерлеринин тизмесин каттаган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG