Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

АКШ коргоо министри талиптердин ордосуна барды


АКШ Коргоо министри Ооган талиптеринин ордосу деп саналган Кандагар провинциясында америкалык аскерлер менен кездешти. Роберт Гейтс, Пентагондун өкүлү Жефф Морреллдин билдиришинче, АКШлык жана НАТОлук күчтөрдүн козголоңчуларга каршы согушу, алардын Ооган армиясы менен чогуу аракеттенүүсү менен жакындан таанышууда.

Акыркы айларда АКШ Ооганстанда көп аскерлерин жоготту. Франс Пресс агенттигинин маалымдашынча, жыл башынан бери коалициялык күчтөр 493 аскерин жоготсо, алардын 326сы америкалыктар. 2009-жылы 521 аскер катардан чыккан.

Роберт Гейтс 2-сентябрда президент Хамид Карзай, ошондой эле Ооганстандагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы, генерал Дэвид Петреус менен жолуккан.

XS
SM
MD
LG