Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Баткен: Сох анклавы аркылуу каттам белгиленген убакыт бүтсө да ачылган жок


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинен 3-сентябрда «Азаттыкка» билдиришти. Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу каттам 31-август күнү эгемендүүлүк майрамына карата толук бойдон 3 күнгө жабылган боюнча али ачыла элек. Чек ара өтмөлөрү жабылаар астынан 3-сентябрдан баштап кайрадан ачылаары айтылган болчу. Бирок өзбек тарап Сох жана Шаймарден анклавдарына каттоону калыбына келтире электиги тууралуу эч кандай билдирүү да тараткан жок, деп билдиришти облустук акимчиликтен.

Азырынча аталган каттам аркылуу барууга мүмкүн болбогондуктан кыргыз жүргүнчүлөрү Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолу менен каттап жатышат. Ал эми 4 күндөн бери Өзбекстандын Сох жана Шаймерден анклавтарынын жашоочулары Өзбекстандын негизги бөлүгү менен катнашы таптакыр жок бойдон турат. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG