Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Пакистанда дагы 40тан ашуун шииттин каны төгүлдү


Пакистандын түштүк батышындагы Кветта шаарында жанкечти жардырган бомбадан 40тан ашуун адам шейит кеткени ырасмий маалымдалды. Бомба миңдеген шиит мусулмандары Ал-Кудус күнүн белгилөөгө чогулган чакта жардырылды. Ал-Кудус - палестиналыктарга тилектештик билдирип, Иерусалимди Израилдин көзөмөлдөөсүнө нааразылык билдирүү күнү. Тилектештик күнү Рамазан айынын акыркы жумасында өткөрүлөт. Эки күн мурда Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында шиитердин чогулушу учурунда жанкечти жардырган бомбадан 35 адамдын каны төгүлгөн жана 300дөй адам жарадар болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG