Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Жаңы Зеландияда жер титирөөдөн улам өзгөчө абал жарыяланды


Күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,1 баллды түзгөн жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн таңга жуук, эл уктап жаткан кезде болгон. Андан өлкөнүн экинчи ири шаары Крайстчер көбүрөөк жабыр тартты. Жер силкинүүсүнөн улам имараттар талкаланып, жолдор бузулду, электр линиялары иштен чыкты. Талкаланууларга карабай азырынча эки адам жаракат алгандыгы тууралуу гана маалымат түштү. Азыркы зилзала Жаңы Зеландиянын аймагында буга чейин катталган он күчтүү жер титирөөнүн катарына кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG