Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берилет


4-сентябрда президент Роза Отунбаеванын катышуусунда “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү жөнүндө” президенттин жарлыгынын долбоорун талкуулаган жумушчу топтун жыйыны болду. Президенттин айтымында, мындай демилге К.Бакиевдин бийлиги учурунда аткаминерлер тарабынан уурдалган каражаттарды өлкөнүн бюджетине кайтаруу максатында көтөрүлүп жатат. Ал эми Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев экономикалык жана кызматтык кылмыш иштеринин бардыгы тергелип бүткөндүгүн кабарлап, эми аларды сотко өткөрүү гана калганын кошумчалады. “Ошондуктан учурда мунапыска арыз жазуу мүмкүнчүлүгү бар” дейт баш прокурордун милдетин аткаруучу. “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү жөнүндө” жарлыкка мамлекет башчы жакын арада кол коет деп күтүлүүдө. Бул жарлык 2010-жылдын 1-октябрына чейин гана күчүндө болмокчу. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG