Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Дагестандагы жардыруудан үч адам өлүп, отуздай киши жаракат алды


Окуя Орусиянын Түндүк Кавказдагы бул республикасынын борбору Махачкаладан 50 чакырымдай алыстыктагы Буйнакск шаарында болду. Жанкечти жардыруучу зат салынган автоунаасын орус аскерлеринин лагерин көздөй багыттаган.

Жардыруудан беш аскер каза таап, отуз беши жаракат алды. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, аскерлер жанкечтинин жолун жүк ташуучу автоунаа менен тосууга үлгүрүшкөн.

Мунун натыйжасында жанкечтинин “Жигули” маркасындагы унаасы жүк ташуучу автоунааны сүзгөндө жарылып, чатырларда жүздөгөн аскерлер уктап жаткан аймакка жетпегендиктин, каза тапкандардын санын көбөйүшү алдын алынды.

Кабарларга караганда, милиция кол салууну иликтөө үчүн чогулганда жол четинде экинчи жарылуу да болгон. Бирок андан эч ким жабыр тарткан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG