Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

Молдовада референдум өтүп жатат


Бүгүнкү референдумга Конституцияга өлкө президенти тикелей эл тарабынан шайлануусун караган өзгөртүү киргизүү маселеси коюлган. Мунун максаты - өлкөнүн саясий туңгуюктан чыгышына жардам берүү. Коммунист Владимир Воронин бир жыл мурда кызматынан чегингенден бери Молдовада президент жок. Аракеттеги Конституция боюнча мамлекет башчысы парламент тарабынан шайланат. Бирок буга чейин Молдова парламенти көргөзүлгөн талапкерлер тийиштүү 61 добушту топтой албагандыктан, кеминде төрт ирет президентти шайлай албай койду. Молдовада жүргөн кабарчылардын билдиргенине караганда, референдумга коюлган маселени көпчүлүк колдочудай. Анткен менен ал батышчыл нуктагы төрт партиянын бийликтеги анча кубаттуу эмес коалициясы менен оппозициядагы коммунисттердин саясий тирешин аягына чыгарбайт.

Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегиз, Бишкек убактысы боюнча түнкү он экиде жабылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG