Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Бишкекте шайлоодо коопсуздукту сактоо маселелери боюнча форум өтөт


“Мыйзамдардын сакталышы – шайлоо коопсуздугунун кепилдиги” деген ат менен 7-сентябрда өтө турган форумга президент Роза Отунбаева баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, саясий партиялардын лидерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Бул форумда 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого болгон даярдыктар жана шайлоонун коопсуздугу туурасында кеп болот.

Ошондой эле Кыргызстандын түштүк аймагында шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү, саясий партияларга бирдей шарттарды түзүү, шайлоо өнөктүгү жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы боюнча суроолор талкууга коюлат. Булар туурасында “Жарандык көзөмөл комитетинен” билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG