Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:34

Тоолуу Карабахтагы соңку кагылыштан эки азери аскери каза тапты


Окуя кечээ болгон. Армения колдогон Тоолуу Карабахтын армиясынын билдиргенине караганда, алардын аскерлери эки ортодогу тилкенин түндүк-чыгыш бөлүгүнөн азери жоокерлеринин кол салуусуна жооп берген. Азербайжан тарап эки жоокерин жоготконун ырастады, бирок бул армяндардын кол салуусунун мизин кайтаруу учурунда болгонун белгиледи. Мындай кагылышуу ушул апта ичи эле экинчи ирет орун алып олтурат. Шейшемби күнү азери тарап алардын эки, армяндардын үч аскери курман болгонун билдирген. Бирок Армения колдогон Тоолуу Карабахтын күчтөрү алар жоготууга учурабагандыгын айтып чыккан. Тоолуу Карабах Азербайжандан1990-жылдардын башындагы согуштун натыйжасында ажырап кеткен. Ушул аптада ошол окуянын 18 жылдыгы белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG