Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 07:59

БШК дагы үч партиянын талапкерлерин каттады


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн “Ак шумкар”, “Кыргызстан элдеринин бирикмеси” жана “Содружество” партияларынын талапкерлери каттоодон өттү. Натыйжада талапкерлери катталган партиялардын жалпы саны жетиге жетти. Калган 22 партиянын талапкерлеринин тизмеси 10-сентябрга чейин каралып бүтмөкчү.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Республика” жана “СССР” партияларынын мүчөлөрү каттоодон өткөн эле. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG