Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Ирактагы бүгүнкү кол салуудан 12 адам каза тапты


Ирак армиясынын билдиргенине караганда, жанкечтилер менен согушкерлер бүгүн аскерий обьектиге жасаган кол салуудан каза тапкан он эки адамдын бешөөсү жоокерлер. Алардан тышкары дагы кеминде 36 киши жаракат алды. Армиянын басма сөз өкүлү, генерал Кассим ал-Мусавинин айтымында, оболу аскерий командачылык жайгашкан имаратта бомбаланган автоунаа жарылган. Анын артынан кол салган куралчандар менен 15 минутка созулган атышуу орун алган. Окуя Багдаддын төмөнкү бөлүгүнүн борборунда болду.

Аскерий обьектиге жасалган бүгүнкү кол салуу АКШ Ирактагы согуштук операцияларын аяктаганын расмий жарыялагандан бир аптага жетпеген убакыт ичинде орун алып олтурат. Бүгүн бутага алынган имараттын жанында 17 –августа аскерке баруучулар чогулган учурда жанкечти жасаган жардыруудан 59 киши каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG