Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Европарламент Беларусту журналисттин өлүмүн кылдат иликтөөгө чакырды


Европарламенттин төрагасы Ежи Бузектин билдирүүсүндө беларус бийликтеринин дарегине оппозициячыл журналист Олег Бебениндин табышмактуу өлүмү менен байланышкан жагдайларды толук жана ачык иликтөө чакырыгы айтылган. Билдирүүдө Европарламенттин төрагасы Бебениндин жакындарына, досторуна көңүл айтуу менен катар ал демократиялуу Беларусту куруу үчүн күрөшкөнүн белгилейт. “Хартия-97” деген оппозициячыл интернет сайттын негиздөөчүсү жана жетекчиси Олег Бебениндин асылып турган сөөгү 3- сентябрь күнү Минскинин чет жакасындагы дачасынан табылган. Тергөө органдары ал өзүн-өзү өлтүргөн деген божомолун айтууда. Журналисттин кесиптештери мындай божомолго ишенбей жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG