Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Испания баскалык жикчилерге жообун айта элек


Испаниянын курамындагы Баска автономиясынын өкмөтү ЕТА жикчилеринин ок атышууларды токтотуу жөнүндөгү билдирүүсүн “эч нерсеге арзыбаган билдирүү” деп атады. Автономиянын ички иштер министри Родольфо Арестин сөзүнчө, жикчилер тобунун билдирүүсүндө зобун-зордуктарды айыптаган же группанын таркатылуусу жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

ЕТА “Баска элинин басымдуу бөлүгү талап кылгандай террордук аракеттерди биротоло токтотобуз деп убада бериши шарт”,-деп кошумчалады Рудольфо Арес. Испания өкмөтү азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG