Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Июнда турак-жайынан айрылгандар кышка чейин үйлүү болушат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынан билдиришти. Буга чейин Ош шаарынын мэри баштаган адамдар кыйраган үйлөр кышка чейин калыбына келтирилбей калуусу мүмкүн экендигин айтып чыгышкан болчу. Бирок аталган дирекциянын өкүлдөрүнүн айтымында, кышка чейин бардык жабырлануучулардын турак-жай маселеси чечилет.

Жалпысынан Ош жана Жалал-Абаддагы жаңжалда эки миңге чукул үй-бүлөнүн турак-жайы талкаланып, өрттөлгөн. Аталган дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Ошто ушул тапта 75 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда. Ал тополоң учурунда жабыркаган медицина, билим берүү жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине берилмекчи.

Ош шаарында июндагы коогалаңда миңден ашык турак-жай, мекеме, ишканалар талкаланган. Буга чейин Оштогу жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү үчүн 1 миллиард 300 миллион сом керек болору эсептелген. Ал эми Жалал-Абад облусунда жети жүздөн ашык имарат өрттөнгөн. Ош жана Жалал–Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция алардын ичинен 424 үйдү кайра курууга муктаж деп чечкен. (IJz)

XS
SM
MD
LG