Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:50

Партиялардын үгүт иштеринин тартиби каттоо аяктаган соң аныкталат


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” билдиришинче, шайлоого катыша турган партиялардын талапкерлерин каттоо аяктаган соң гана партиялардын КТРК, ЭлТР телеканалдарында, “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттеринде жана радиолордо жүргүзө турган үгүт иштеринин тартиби иштелип чыгат. Ар кыл тегерек үстөл, теледебаттарды камтыган үгүт иштерин кайсы партия качан өткөрөөрү кагаз кармоо ыкмасы менен аныкталат. Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын талапкерлерин каттоо 10-сентябрга чейин аяктоого тийиш. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG